Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХVI заседаниеси
2018-жылдын 07-августу № 18/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылдын 3-кварталына бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 18-заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “ Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесине” ылайык Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылдын 3-кварталына бекитилген сметасындагы акча каражатынын кээ бир үнөмдөлгөн беренелеринен зарыл болгон беренелерге жылдыруу жагы каралсын:
| Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | берене | Бардыгы | 3-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | |||||
70111 | Аппарат | Имараттар жана курулмалар | 3111 | -300,0 |
| -300,0 |
70823 | Клуб | Ар түрдүү кызмат көрсөтүү | 2215 | + 30,0 | 9,0 |
|
|
| Бардыгы |
| 0 | 30,0 | 30,0 |
2. Жогорудагы акча каражатын 2018-жылдын 3-кварталына бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы ФЭБ башчы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т.Абдырахмановго тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |