Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХVI заседаниеси
2018-жылдын 13-нояябры № 20/1
Күз-кыш мезгилине карата мекемелерди, социалдык обьектилерди даярдоо, ремонттолушунун абалы жөнүндө
Күз-кыш мезгилине карата мекемелерди, социалдык обьектилерди даярдыктары, ремонттолушунун абалы жөнүндө депутат А.Иманахуновдун маалыматын угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 20- заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл өкмөттүн аймагындагы жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерди 2018-2019- окуу жылына жана кышка карата даярдоодо бала бакча, мектеп жетекчилиги тарабынан бир топ уюштуруучулук иштердин аткарылгандыгы менен катар кемчиликтердин бар экендиги белгиленсин .
2. Мекеме ишканаларда өрт коопсуздугу боюнча шаймандардын толук болушун камсыздоо, ремонт иштериндеги кетирилген кемчиликтерди жоюу, кышка карата даярдыкты толук бүткөрүү, мектептин материалдык базасын чыңдоонун бардык чараларын турмушка ашыруу, ал үчүн ар жылы мектептердеги көмөкчү чарбаларын өнүктүрүү, мамлекеттик эмес уюмдар, фонддор, эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө иш алып баруу, ар түрдүү долбоорлорду жазуу мекеме ишканалардын, мектептердин жана бала бакчанын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. 2018-2019-жаңы окуу жылына жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерди жаңы окуу жылына жана кыш мезгилине карата даярдоодо кетирилген кемчиликтерди четтетүү жагы аталган ишканалардын жетекчилигине, айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
4. Осоавиахим жана Жаңы-Турмуш айылдарына көмүр түшүрүүчү база уюштуруп, көмүр боюнча маалымат айыл өкмөттүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан элге толук жеткирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы уюштуруу-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |