Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХVI заседаниеси
2018-жылдын 13-нояябры № 20/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айында социалдык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчету жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айында социалдык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчетун угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 20- заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2018-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн божомолдорун жана айыл өкмөттүн бюджетин аткарууда айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери, мекеме ишканалардын жетекчилери тарабынан бир топ уюштуруучулук иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Калктын жана мекеме ишканаларга бөлүнгөн электр энергиясынын лимитинен ашырбоону көзөмөлдөөнү жана электр энергиясынан болгон карыздарды өз убагында эсептешүү боюнча тынымсыз иш жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысынан, финансы – экономика бөлүмүнүн башчысынан талап кылынсын.
3. Жайыт төлөмүн аткарууда айыл өкмөтү 9 айлык планды толтурбагандыгы эске алынсын жана жылдын жыйынтыгы менен жайыт комитетинен талап кылып, планды толук толтуруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөттүн аймагында эмканалар тарабынан көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын көтөрүү багытында Кыргыз Республикасынын улуттук жана мамлекеттик программалары боюнча санитардык агартуу иштерин күчөтүү, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн төмөндөтүү чараларын көрүү, каттоодо турган оорулууларга, майыптарга, жеңилдик алуучу жарандарга медициналык жардам көрсөтүү эмкананын башчыларына жана айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү (мыйзамда каралган) материалдык жардамдарды көрсөтүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Билим сапатын көтөрүү боюнча жаңы алдыңкы иш тажырыйбаларды жайылтуу, мектептердеги усулдук кааналарды жакшыртуу, ишин жандандыруу, олимпиадалык борборлордун, ата-энелер комитеттеринин ишин жандандыруу, окуучулар арасында мыйзам жана укук бузууга жол бербөө, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу, мектеп менен коомчулук, ата-энелер менен байланышта иш алып баруусун жолго коюу мектеп директорлоруна жүктөлсүн.
6. Айыл өкмөттүн аймагында социалдык колдоого муктаж, калктын аялуу катмарын анализдөө, социалдык паспортторду обьективдүү толтуруу, жеңилдик алууга муктаж жарандарга жеңилдиктерди өз убагында жеткирүүнү уюштуруу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | З. Боронов |