Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз ХVI заседаниеси
2018-жылдын 30-ноябры № 22/2
Жошолу айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө жооптуу катчы А. Абдиеванын маалыматын угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХII заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Жошолу айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча сандык курамы 7 адамдан турган комиссия төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн. (тиркеме № 1).
2. Жошолу айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобого ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин.
3. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алып иш жүргүзсүн, ошондой эле жылына бир жолудан 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизсин.
4. Комиссиянын ишмердүулүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы уюштуруу-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |