Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 76
Ак-Турпак айылына бала бакча куруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылына бала бакча куруу үчүн долбоорун үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунуштоо боюнча, Ак-Турпак айылынын жашоочуларынын чогулушунун протоколунун негизинде депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылына бала бакча куруу үчүн өздүк салым катары 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты бекитилип берилсин.
2. Бекитилип берилген 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы ФЭБ башчы Р.Кочкоровга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Соорбаев |