Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 77
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору М.Артыкбаевдин окуу контрагын төлөө жөнүндө
Баткен райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Н.Масеитовдун 2018-жылдын 05-декабрындагы №2-5/447 сунуш катынын негизинде айыл өкмөтүнүн ветеринария боюнча кадрдык базасын чыңдоо жана жаш кадрга материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору Артыкбаев Манас Рыскуловичтин Бишкек агрардык университетинин ветеринардык факультетине төлөнүүчү 4 жылдык окуу контрагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага | М.Соорбаев |