Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 78
Ооган согушунун катышуучусу Чоң-Кара айылынын тургуну Гапаров Арапбайга материалык жардам көрсөтүү жөнүндө
2018-жылдын 15-ноябрь күнү Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын тургуну Ооган согушунун катышуучусу Гапаров Арапбайдын үйүнөн өрт чыгып күйүп кеткендигине байланыштуу материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ооган согушунун катышуучусу Гапаров Арапбай материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Кочкоровага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Соорбаев |