Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 81
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылына мал ичүүчү кранга өздүк салым каражатын бөлүп берүү жөнүндө
АРИС эл аралык уюму тарабынан каржылануучу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Турпак айылынан Чоң-Кара айылына чейинки 5500 м аралыкка мал ичүүчү кран куруу үчүн айыл өкмөтү тарабынан өздүк салам катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен мал ичүүчү кранга 52400 (элүү эки миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчы Р.Кочкоровага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага | М.Соорбаев |