Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 03-августу № 28
Алкоголдук продукцияга чектөөлөр жөнүндө
29.05.2017-ж. №46 К.Эрматов орто мектебинин директорунун, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жана тургундардын кайрылуу катынын жана мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясынын алдын ала карап чыккан жыйынтыгынын, Кыргыз Республикасынын алкоголдук продукцияларды сатуудагы чектөөлөр мыйзамынын 13,14-беренелеринин негизинде Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги X отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү мекемелерине жакын жайланышкан алкоголдук продукция саткан соода түйүндөрү мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинде соода жүргүзүшсүн. Мыйзам нормаларына туура келбеген соода түйүндөрү(камоктор) алкоголдук продукция сатууга тыюу салынсын.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |