Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-октябры № 30
Куршаб айыл өкмөтүнүн Садовая, Юбилейная көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуу каты жөнүндө
Куршаб айылынын Садовая, Юбилейная көчөлөрүнүн тургундарынын Мамыт Орозбаев (мурунку Военкоматская)көчөсүнүн Шор-суу каналы тарабында жайланышкан Садовая, Юбилейная көчөлөрүнө маркум Шерматов Абди ысмын өзгөртүп коюп берүү жөнүндөгү 2017-жылдын 15-сентябрындагы кайрылуу катын, №1- протоколун, өмүр баянын,эмгек жолун жана балдарынын ушул көчөлөргө жасаган эмгектерин карап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Куршаб айыл өкмөтүнүн Садовая, Юбилейная көчөлөрүнүн тургундарынын 2017-жылдын 15-сентябрь күнү жазган кайрылуу каты канааттандырылсын.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн Садовая, Юбилейная көчөлөрүнө маркум Шерматов Абди ысмы ыйгарылсын
3. Көчөнү таза кармоо, шагыл төктүрүү, өткөөлдөрдү оң абалда кармоо маркумдун туугандарына жана көчөнүн тургундарына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |