Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-октябры № 31
Куршаб айыл өкмөтүнүн Кара-Саадак көчөсүнүн кайрылуу каты жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн Кара-Саадак көчөсүнүн 14.10.2016-жылы жазган кайрылуу катын Куршаб айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика жана турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссияларында алдын-ала каралып, отурумда талкуулап Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Куршаб айыл өкмөтүнүн Кара-Саадак көчөсүнүн 14.10.2016-жылы жазган кайрылуу каты канааттандырылсын.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн Куршаб айылынын №36 кварталына Куршаб айылынын башкы планынын схемасында көрсөтүлгөндөй өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Керектүү иш кагаз документтерин даярдап берүү жагы Өзгөн архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика жана турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |