Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-октябры № 32
Куршаб айыл өкмөтүнүн №3- айылынын тургундарынын арызы жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн №3-айылынын тургундарынын жаңы талаптарга жооп бере турган заманбап мечит куруу жана документтерин мыйзамдаштыруу жөнүндөгү 2017-жылдын 12-сентябрындагы элдик чогулушунун №1- протоколун жана 14-сентябрь күнү жазган арызын карап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн №3-айылынын тургундарынын жаңы талаптарга жооп бере турган заманбап мечит куруу жана документтерин мыйзамдаштыруу жөнүндөгү 2017-жылдын 14-сентябрындагы жазган арызы муктаждыктарын эске алуу менен канааттандырылып, К.Бекмурзаев №58 жер участогуна жаңы мечит курууга руксат берилсин.
2. К.Бекмурзаев №58 көчөсүндөгү жер участогуна курула турган элдик мечитинин тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Керектүү иш кагаз документтерин даярдап берүү жагы Өзгөн архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |