Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-октябры № 33
Куршаб таза суу» ИСКАКБ аткарган иштери жөнүндө
«Куршаб таза суу» ИСКАКБ нин 2017-жылдын 3-октябрындагы, Куршаб айыл өкмөтүнүн 2-октябрындагы билдирүү №228 каттарын Куршаб айылдык Кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу боюнча жана энергетика, транспорт, байланыш, таза суу, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссияларында алдын ала каралып, муктаждыктарын эске алып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XI отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 9 айына карата Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына кошумча 2 491 500 (эки миллион төрт жүз токсон бир миң беш жүз)сом акча каражаты каралганы белгиленсин жана төмөнкүдөй көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн жумсалсын:
- Электр мамычалары (столба) үчүн-1 150 000(бир миллион жүз элүү миң)сом.
- Электр өткөргүчтөр (зым) үчүн- 651 500(алты жүз элүү бир миң беш жүз)сом.
- Электр траверстер 0,4кВт үчүн-200 000( эки жүз миң)сом
- Электр изолятор ТФ-20 үчүн-100 000(жүз миң)сом
- «Куршаб таза суу» ИСКАКБ нин кайрылуу катында көрсөтүлгөн нассос жана кабель үчүн карызын жою максатында - 90 000(токсон миң)сом
бөлүнүп берилсин.
-Куршаб айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын техникалык инвентаризациялоо, техникалык иш кагаздарынын долбооруна, мүлкө муниципалдык менчик укуктарын аныктоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жумуштары үчүн- 300 000(үч жүз миң)сом.
2. Токтомдо көргөзүлгөн акча каражаттарын мыйзам талаптарына ылайык ыкчам бүткөрүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. «Куршаб таза суу» ИСКАКБ нин жетекчилигине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жагы эскертилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык Кеңешинин финансы, бюджет, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу боюнча жана энергетика, транспорт, байланыш, таза суу, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |