Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры № 35
Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджети жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2017- жылдын 9 айына карата мектептерге көмүр жана бала бакчаларга тамак аш сатып алуудан үнөмдөлүп калтырылган 624,6 миң сом акча каражатын эфективдүү жана максаттуу пайдалануу жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып айылдык кеңештин XII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2017- жылга 9 айына карата үнөмдөлүп калтырылган 624,6 миң сом акча каражаты төмөнкү маселелерге жумсалсын:
1. Мамлекеттик башкаруу бөлүмүнө 37,2 миң сом
УПС 10,0 миң сом
Стул 6 даана 7,2 миң сом
Сейф шкаф 20,0 миң сом
2. Билим берүү бөлүмүнө 272,4 миң сом
Мектептердин таштандыларын чыгарууга - 50,0 миң сом
Ленин №5 мектебинин эски имаратын жана көмүрканасын
оңдоого -222,4 миң сом.
3. Комуналдык чарба бөлүмүнө 125,0 миң сом
Куршаб тазалык ишканасына:
1) Жарыктандырууну камсыздоого 30,0 миң сом
2) Тазалыкты камсыздоо максатында күйүүчү май жана тех.тейлөө үчүн- 55,0 миң сом
Мазардын жолун оңдоого (Шагыл төшөө)-30,0 миң сом
Спорттук иш чараларга 10,0 миң сом
4. Балдар бакчасына 100,0 миң сом
Ибадат-Апа печкасын ремонтоого 50,0 миң сом
Чарбалык керектелүүчү буюмдар 50,0 мин сом
5. Социалдык коргоо 90,0 миң.сом
Турмуш шарты оор кароосуз калган балдарга кийим кече алып берүүгө 90,0 миң.сом
2. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |