Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры №36
Куршаб айыл өкмөтүнүн Манас көчөсүнүн тургуну Сраждинов Саипбектин арызы жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн Манас көчөсүнүн тургуну Сраждинов Саипбектин жаңы талаптарга жооп бере турган заманбап кичи футболдук аянча куруу жана документтерин мыйзамдаштыруу жөнүндөгү 2017-жылдын 17-ноябрындагы жазган арызын карап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХII- кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн Манас көчөсүнүн тургуну Сраждинов Саипбектин жаңы талаптарга жооп бере турган заманбап кичи футболдук аянча куруу жөнүндөгү жазган арызы муктаждыктарын эске алуу менен канааттандырылып, Сраждинов Саипбектин кв. 58а №6-жеке менчик коду 5-06-11-1001-4441 жер участогуна спорт аянтча курууга руксат берилсин.
2. Сраждинов Саипбектин кв. 58а №6-жеке менчик коду 5-06-11-1001-4441 жер участогуна спорт аянтча курууга тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Керектүү иш кагаз документтерин даярдап берүү жагы Өзгөн архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |