Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры №37
№387- контурдагы 7,4га жер тилкеси боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын сунушу жөнүндө
Курамы 17 адамдан турган атайын түзүлгөн комиссиянын 2017-жылдын 29-августундагы чогулушунун №4- протоколун жана сунушун Куршаб айылдык Кеңештин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларында алдын ала каралып чыгып, талкуулап Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХII- кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) 2017-жылдын 3-июлундагы кезексиз IX отурумунун чечими жана “№ 387- контурдагы жер участкасын 0,08 га эмес 0,06 гадан бөлүнсүн генплан өзгөртүлсүн жана тийиштүү органдардан суралсын.”деген чечими өзгөчө кырдаалдардан жапа чеккен жарандардын тизмеси 96 кожолуктан 31кожолукка түшкөндүгүнө байланыштуу жокко чыгарылсын.
2. №387- контурдагы 7,4га жер тилкесине генплан 0,08га дан түзүлгөндүктөн жарандарга 800 м.кв.дан берилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |