Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры №38
Куршаб жана Шагым айылдарынын ортосундагы Жаңы чек участкасынын тургундарынын арызы жөнүндө
Куршаб жана Шагым айылдарынын ортосундагы Жаңы чек участкасынын тагыраак айтканда эки каналдын ортосунда жайланышкан тургундардын 2017-жылдын 28-ноябрындагы жазган арызы жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб жана Шагым айылдарынын ортосундагы Жаңы чек участкасынын, тагыраак айтканда Шагым, Жалпак Таш жолунун боюндагы эки каналдын ортосунда жайланышкан тургундардын 2017-жылдын 28-ноябрындагы жазган арызы канааттандырылып, Куршаб айылынын Маданият жаңы конушу деген почталык дарек ыйгарылсын.
2. Өзгөн райондук тийиштүү жетекчиликтерден керектүү иш кагаздары суралсын.
3. Ушул токтомдун аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин
мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |