Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры № 39
Куршаб айыл өкмөтүнүнбюджети жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджеттин бекитүү 2019-2020- жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселени айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте алдын ала каралып , алардын сунуштарынын негизинде Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХIII - кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2018- жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалары
33124,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери
жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 331,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2018-2019 жылдарга
жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги коргол гон беренелер( эмгек акы,социалдык фондго чегерүү,дары дармек жана милдет түү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр),коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу,тамак аш) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
6.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына теңдөөчү гранттын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыталсын.
7. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммунал- дык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат.
8. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
9. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражат 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттинин кирешесине алынсын.
10. Айыл өкмөтү тарабынан белгиленүүчү ар бир аныктама 5 сом өлчөмүндө акча каражаты алынып,кассага кириштелсин. Калктын жакыр катмары, согуш ардагерлери, эмгек ардагерлери, батыр энелер, Афган жана Баткен катышуучулары аныктама акысынан бошотулат. Кириштелген акча каражатты кайра айыл өкмөтүнүн иш кагаздар, керектелүүчү концеляриялык товарлар жана компьютердин заправкасы үчүн жумшалсын.
11. Көчөлөргө шагыл төгүү, мамычаларды алуу жана орнотуу , көмүр сатып алуу, асфальт басуу ички каналдарды тазалоо максаттуу жана эффективдүү пайдаланышын көзөмөлдөө атайын убактылуу комиссия түзүлсүн. Комиссия курамы айыл өкмөттөн, депутаттардан жана кызыктар тараптан түзүлсүн. Комиссия мүчөлөрү мыйзам чегинде критерий иштеп чыгышсын, критерийдин негизинде чечим чыгарылсын жана комиссиянын чечиминин негизинде ишке ашырылсын.
12. Куршаб айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин мобилдик байланышына 39,6 миң сом акча каражаты өкмөттүн буйругу менен №13-тиркемеге ылайык жумшалсын.
13.Чөбөрүнүн ар бир башы үчүн берилүүчү 1000(миң)сом сыйлык атайын түзүлгөн убактылуу комиссиянын чечиминин жана КРнын Өкмөтүнүн 2016-ж. 26-февралындагы №89-токтомунун негизинде берилсин.Комиссия мүчөлөрүнүн курамы: бюджет туруктуу комиссиясынын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты, айыл башчы, ветадис, мергенчи, аңчы жана айыл тургундарынан түзүлсүн.
14. Жолдорго асфальт басуу долбоорлорун түзүүдө, ишке ашырууда «Таза суу» долбоору 2018-жылы ишке ашып жаткандыгына байланыштуу сүйлөшүү жана макулдашуу жолу менен ишке ашырылсын.
15. Комиссиянын чечими жок аткарылган жумуштар үчүн Куршаб айыл өкмөтү жооптуу деп табылсын.
16. Куршаб тазалык ишканасына жарыктандырууну камсыз кылуу максатында оңдоо, түзөө жумуштары, көчөлөрдөгү тазалыкты сактоо, акыр чикир тазалоо ташуу жана ит атуу жумуштары күнүмдүк муктаждыкты жараткандыгы үчүн акча каражаты келишимдин негизинде түздөн-түз которуу жолу менен ишке ашырылсын жана атайын комиссия түзүлсүн, текшерүүгө алсын.
17. Ар бир куруу жумуштарына, оңдоп түзөөгө жана сатып алуулардын сапатын, келечектүүлүгүн, туруктуулугун камсыз кылуу максатында түзүлүүчү келишимдин шарттары мыйзам чегинде көп тараптуу жакшы иштелип чыгылсын жана кесипкөй адистерден мониторингдик комиссия түзүлсүн жана өз мөөнөтү менен текшерип туруу жагы милдеттендирилсин.
18. Ушул токтомдун аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
19. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |