Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры №40
Жер көчкүсүнүн алдында калган жерлерди жердин башка категориясына которуу үчүн тиешелүү мамлекеттик мекемелерге сунуш берүү жөнүндө
Куршаб айыл аймагында болгон жер көчкүсүнүн кесепетинен улам көчкү астында калган жерлерди жердин башка категориясына өткөрүү боюнча жерге тийиштүү иш кагаздарын карап жана жер адиси Б. Омуралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Куршаб айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер көчкүсүнүн алдында калган кайрак айдоо №738 контурундагы 5,3 га жер пайдаланууга жараксыз экендиги белгиленсин жана жердин башка категориясына которуу жагы сунушталсын.
2. Жер көчкүсүнүн алдында калган жерлерди жердин башка категориясына которуу жагы тиешелүү мамлекеттик мекемелерден суралсын.
3. Жер көчкүнүн алдында калган жерлерди жердин башка категориясына которуу үчүн иш аркеттерди аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |