Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры №41
Калктуу конуштарды кенейтүүгө калтырылган жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө
Куршаб айыл аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкесине болгон муктаждыктын көптүгүн жана Б.Оморовдун №341 өтүнүч катын жана калктын турак жай куруу жер тилкесине болгон муктаждыгынын өтө көптүгүн эске алып айылдык Кеңештин турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссияларында алдын ала карап, жер адиси Б.Маматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Куршаб айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл аймагындагы төмөндөгу контурдагы: контур № 245-2,0 га контур № 119 -5.0 га тыт, контур № 172 -2,8 га лес, контур № 174- 1,5 га лес, контур № 175- 3,1 га лес, контур № 173 -9,4 га лес №1754 контурдагы 0,25 га кайрак жайыт жер калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн жер тилкелерин турак жай куруу багытында жалпысы: 23,8га жана Контур № 1350 - 7.70 га бак өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө, баардыгы 31,75 га жер аянты трансформациялоого руксат берилсин:
2. Керектелүүчү иш кагадары тийиштүү мамилекеттик жетекчиликтерден суралсын.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |