Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры №42
Куршаб айылынын №387-контурдагы 7,40га жер тилкесинин башкы планын бекитүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңештин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХIII кезексиз сессиясы Куршаб айылынын №387-контурдагы 7,40га жер тилкесинин башкы планын бекитүү максатында талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Илим изилдөө жана шаар куруунун түштүк региондук бөлүмү тарабынан Куршаб айылынын №387- контурундагы 7,40га жер участогуна түзүлгөн башкы планы бекитилип берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, турак жай салуу үчүн мыйзам чегинде мамилекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн Райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын.
3. Керектүү иш кагаз документтерин даярдап берүү жагы Өзгөн архитектура жана шаар куруу башкармасынан суралсын.
4. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |