Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры №44
Куршаб айыл өкмөтүнүн “Арзыбек СПА”чарбалык ишканасына кепилдик жана ссуда берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн “Арзыбек СПА”чарбалык ишканасына Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү банкы тарабынан 50%ы гранттык, 50%ы кредиттик негизде келүүчү атайын техника үчүн кепилдик берүү жана ссуда жөнүндөгү маселени финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХIII кезексиз сессиясы талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн “Арзыбек СПА”чарбалык ишканасына Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү банкы тарабынан 50%ы гранттык, 50% ы үстөк пайызы жок кайтарым менен келүүчү инвестицияга Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган )депутаттары тарабынан кепилдик берилсин.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2017-жылы бекитилген бюджетинен ЖКХдан 2017-жылы аткарылбай калган 2215 статьядан 3234 статьяга ссуда катары 197 000 сом акча каражаты“Арзыбек СПА”чарбалык ишканасынын соцфонддон карызын жою максатында 2018-жылда кайтарымы менен берилсин.
3. Бөлүнгөн ссуда акча каражатын кайтаруу жоопкерчилиги жана донордук уюм үчүн суралган керектүү иш кагаздарын өз убагында даярдоо, тапшыруу жана 50%дык кайтарым акча каражатын өз мөөнөтүндө тапшырып туруу “ Арзыбек СПА” жетекчилигине жүктөлсүн.
4. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |