Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры №45
Куршаб айыл өкмөтүнүн “ ИСКАКБ Куршаб таза суу” ишканасына ссуда берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн “ ИСКАКБ Куршаб таза суу” ишканасына ссуда берүү жөнүндөгү маселени финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) ХIII кезексиз сессиясы талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2017-жылы бекитилген бюджетинен ЖКХдан 2017-жылы аткарылбай калган 2215 статьядан 3234 статьяга ссуда катары 500 000 сом акча каражаты“ ИСКАКБ Куршаб таза суу” ишканасына электр энергиясынан эски карызын жою максатында 2018-жылда кайтарымы менен берилсин.
2. Бөлүнгөн ссуда акча каражатын кайтаруу жоопкерчилиги “ ИСКАКБ Куршаб таза суу” ишканасынын жетекчилигине жүктөлсүн.
4. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |