Загрузка документа…
КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры №46
№387- контурдагы 7,4га жер тилкеси боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын сунушу жөнүндө
Курамы 17 адамдан турган атайын түзүлгөн комиссиянын 2017-жылдын 29-августундагы чогулушунун №4- протоколун, сунушун депутаттардын ооз эки сунуштарын жана жарандардын кайрылууларын эске алып, карап чыгып, талкуулап Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) ХIII кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №387- контурдагы 7,4га жер тилкесиндеги жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен жана кооптуу аймакта жашаган жарандардан ашып калган жер тилкесин турак жай куруу үчүн Куршаб айыл аймагындагы калктын аярлуу катмарындагы турмуш шарты оор жарандарга комиссиянын сунушунун негизинде бөлүнүп берилсин.
2. №387- контурдагы 7,4га жер тилкесине турак жай куруу үчүн берилүүчү калктын аярлуу катмарындагы турмуш шарты оор жарандардын тизмесин тактоо жана кезектеги сессияга сунуштоо атайын түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.
3. Керектелүүчү иш кагадары тийиштүү мамилекеттик жетекчиликтерден суралсын.
4. Ушул токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча жана мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Сабытбек уулу Бактыяр |