Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № 29/2
Кабылан-Көл айылындагы Күңгөй айылындагы калктуу конуштун четиндеги бош жаткан жерди спорт зал куруу үчүн жер чектеп берүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Күңгөй айылындагы калктуу конуштун четиндеги бош жаткан жерди спорт зал куруу үчүн жер чектеп берүү максатында Кабылан-Көл айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн Күңгөй айылындагы калктуу конуштун четиндеги бош жаткан жерди спорт зал куруу үчүн 0,10 га жер аянты чектелип бөлүнүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана ошондой эле райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармасынан суралсын.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |