Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № 29/3
Кабылан-Көл айылындагы эски мектептин ордундагы бош жаткан жерди спорттук машыгуучу жай куруу үчүн жер чектеп берүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Кабылан-Көл айылындагы эски мектептин ордундагы бош жаткан жерди спорттук машыгуучу жай куруу үчүн жер чектеп берүү максатында Кабылан-Көл айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-январындагы № 4 окуу корпусуна чыккан токтомунун негизинде Кабылан-Көл айылындагы эски мектептин имаратынын ордундагы бош жаткан жерди спорттук машыгуучу жай куруу үчүн 705,0 чарчы метр жер аянты чектелип бөлүнүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана ошондой эле райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармасынан суралсын.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |