Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-июну № 30/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү боюнча талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 6168,6 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде толуктоочу грант 5144,8 миң сом, өздүк кирешелер 883,8 миң сом жана атайын каражат 140,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу долбоору 6283,8 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде толуктоочу грант 5216,0 миң сом, өздүк кирешелер 927,8 миң сом жана атайын каражат 140,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн айыл өкмөт башчысы Т.Камиловдун долбоору 6397,3 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде толуктоочу грант 5319,5 миң сом, өздүк кирешелер 927,8 миң сом жана атайын каражат 150,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кулмаматовго жана айыл өкмөт башчысы Т.Камиловго милдеттендирилсин.
Төрага | У. Кадыркулов |