Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-июну № 30/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн эски имаратын өзгөртүп атоо жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн эски имаратынын «Б» корпусуна БУУнун азык-түлүк программасы аркылуу жабдыктары келип коюлгандыгына байланыштуу «Б»корпусун сүттү кайра иштетүүчү цехке атын өзгөртүү максатында Кабылан-Көл айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн эски имаратынын «Б» корпусуна БУУнун азык-түлүк программасы аркылуу жабдыктары келип коюлгандыгына байланыштуу «Б»корпусун сүттү кайра иштетүүчү цехтин атын өзгөртүү сунуш кылынсын.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана ошондой эле райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармасынан суралсын.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышы жер адиси С.Сактановго жана айыл өкмөт башчысы Т.Камиловго тапшырылсын.
4. Көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономикалык саясат муниципалдык менчик, калкты жерге жайгаштыруу, жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У. Кадыркулов |