Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-июну № 30/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү суу системасын куруу үчүн жер чектеп берүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында Порду участкасындагы сууга кошумча Жан-Булак булагы аркылуу суу системасын куруу үчүн 2014-жылы башталган долбоор боюнча жер чектеп берүү максатында Кабылан-Көл айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында Порду участкасындагы сууга кошумча Жан-Булак булагы аркылуу суу системасын куруу үчүн 2014-жылы башталган долбоор боюнча жер аянты чектелип бөлүнүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана ошондой эле райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармасынан суралсын.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына жан айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |