Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну № 31/1
Калктын саламаттыгын сактоодо жана айыл ичиндеги санэпидемиологиялык тазалыктардын сакталышы боюнча үй бүлөөлүк дарыгерлердин иштеринин аткарылышы жөнүндө
Калктын саламаттыгын сактоодо жана айыл ичиндеги санэпидемиологиялык тазалыктардын сакталышы боюнча үй бүлөөлүк дарыгерлердин иштеринин аткарылышы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү калктын саламаттыгын сактоодо жана айыл ичиндеги санэпидемиологиялык тазалыктардын сакталышы боюнча үй бүлөөлүк дарыгерлердин иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. ФАПтагы медицина кызматкерлери тарабынан калктын саламаттыгын сактоодо, жугуштуу оорулардын алдын алууда, кош бойлуулуктун коркунучтуу белгилери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. Диспансердик учетто тургандарга жана 16 жашка чейинкилерге рецепт аркылуу оорусуна карап, ай сайын дарылар берилсин.
3. Кургак учук боюнча учетто турган жарандарга иче турган дарылары үзгүлтүксүз берилип турсун жана 1-жардамга муктаж адамдарга оорунун түрүнө карабастан бекер жардам берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө саламаттыкты сактоо,билим берүү, социалдык маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Кадыркулов |