Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну № 31/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү “Таза коом” программасы боюнча алып барылган иштердин абалы жөнүндө
“Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынын Алай райондук филиалынын “Таза Коом” долбоорунун маалыматтык киоскасындагы Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү иш алып барган оператордун иштеринин аткарылышы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынын Алай райондук филиалынын “Таза Коом” долбоорунун маалыматтык киоскасындагы Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө иш алып барган оператор Асилбек кызы Айперинин аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. “Таза коом” программасы боюнча калкты сапаттуу тейлөө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү , гербдүү документтерди өз убагында алып келип жарандарга тапшыруу оператор Асилбек кызы Айпериге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |