Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну № 31/4
Айыл башчыларынын элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк менен жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн айыл башчылары Омаров Авидин жана Темирмамат уулу Аматбектин “Элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк менен жүргүзгөн иштери” боюнча талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач, Курулуш айылдарынын айыл башчысы Омаров Авидин жана Кабылан-Көл, Күңгөй айылдарынын айыл башчысытемирмамат уулу Аматбектин элди жайлоого көчүрүүдө жана айыл эли менен биргеликте жакшы иш алып барылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл башчыларга айрым жайлоого көчпөй калган жарандардын малдарын бирөөлөргө берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү же жайлоого кетирүү айыл башчылар А. Омаровго, Темирмамат уулу Аматбекке милдеттендирилсин.
3. Айыл башчылардын ишин көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Т.Камиловго жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |