Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры № 34/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскерге чакырылуусунун жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер боюнча жүргүзүлуп жаткан иштери
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскерге чакырылуусунун жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жарандардын паспорт алуудагы жана жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскерге чакырылуусунун жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер боюнча иш аракеттер жүргузүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Жашы жеткен өспүрүмдөр менен алардын үй-бүлөөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү ВУС кызматкери С.Сыдыковго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмотүнүн башчысы Т.Камиловго, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |