Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры № 34/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, аялдар кенеши , Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча иштөөнүн абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, аялдар кенеши , Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча иштөөнүн абалы жөнүндө Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, аялдар кенеши , Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча аткарган иштери айрым кемчиликтерди эске алуу менен бир топ иштер алып барылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, аялдар кенеши , Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча мындан ары алгылыктуу иш аракеттерди алып баруу Аксакалдар сотунун төрагасы Д.Касымбековго, Аялдар кенешинин төрайымы З.Абдыкадыровага жана жаштар комитетинин төрагасы С.Сактановго милдеттендирилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |