Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-июну №1
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгышы бөлүгүнүн 2019-2020-2021-жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү атайын каражат менен 2019-жылга долбоору 5129,5 миң сом, 2020-жылга 5363,2 миң сомго, 2021-жылга 5406,2 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Республикалык бюджет эсебинен бөлүнгөн теңдөө грантынын көлөмү 2019-жылга 5810,3 миң сом, 2020-жылга 5810,3 миң сом, 2021-жылга 5810,3 миң сом эсебинде жактырылсын.
3. Бюджеттин баланстуулугун сактоо максатында жергиликтүү жана теңдөө гранты кошулган эсебинде чыгаша бөлүгүнүн долбоору:
2019-жылга 10139,8 миң сом;
2020-жылга 10173,5 миң сом;
2021-жылга 10216,5 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
4. Токтомдун аткаруу жагы каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошевага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |