Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-июну №4
Ленин айыл өкмөт тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №80 токтомуна ылайык “Муниципалдык кызматтардын базалык реестри” №3 тиркемеге ылайык аткарууга алынсын. Тиркеме 3 баракта тиркелет.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М. Кеңешбаев |
Ленин айылдык кеңешинин
22.06.2018- жылдагы Х-сессиясынын
№4 токтомунун №3 тиркемеси
Ленин айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы N 80 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципал-дык кызмат көрсөтүүнү стандартташ-тырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган | Кызматтарды көрсөтүүгө жооптуулар | Муници-палдык кызматты көрсөтүү- нүн шарттары (акы төлөнүүчү/ акысыз) |
1 | Калктуу конуштардагы көчөлөрдүн жана тар көчөлөрдүн аталышы жана аталышын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди берүү |
Ленин айыл өкмөтү |
Айылдык кеңештин сессиясы |
Акысыз |
2 | Жашаган жеринен маалымкат берүү | Ленин айыл өкмөтү
| Жооптуу катчы | Акысыз |
3 | Үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат берүү | Ленин айыл өкмөтү | Жооптуу катчы | Акысыз |
4 | Бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү | Ленин а.ө | Жооптуу катчы | Акысыз |
5 | Майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү | Ленин а.ө | Жооптуу катчы | Акысыз |
6 | Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жөнүндө, же эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | Ленин а.ө | Жооптуу катчы | Акысыз |
7 | Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жайды менчикке берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | Ленин а.ө | Айыл өкмөт башчысы баш болгон комиссия мүчөлөрү | Акысыз |
8 | Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | Ленин а.ө | Айыл өкмөт башчысы баш болгон комиссия мүчөлөрү | Акысыз |
9 | Жарандарды жеке турак жай курулушуна жер участогун бөлүп берүүгө муктаж катары кезекке коюу жөнүндө, же жарандарды кезекке коюудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | Ленин а.ө | Айыл өкмөт башчысы | Акысыз |
10 | Жеке турак жай курулушуна жер участогун берүү жөнүндө чечимдерди берүү, же берүүдөн баш тартуу | Ленин а.ө | Айыл өкмөт башчысы | Акысыз |
11 | Жеке жана/же юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке, мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | Ленин а.ө | Айыл өкмөт башчысы жана комиссия мүчөлөрү | Акысыз |
12 | Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин берүү (менчиктештирүү жолу менен) жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | Ленин а.ө | Айыл өкмөтбашчысы | Акысыз |
13 | Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | Ленин а.ө | Айыл өкмөт башчысы | Акысыз |
Ленин айыл өкмөтүнүн Башчысы: Б.Токтосунов
Жооптуу катчысы: К.Курманалиев