Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июлу №1
Республикалык бюджеттен кошумча бөлүнүп берилген 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен кошумча бөлүнүп берилген 1500,0 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгү жумуштарды аткарууга бөлүнсүн:
Ленин, Орто-Сай, Жыгач-Коргон айылдарынын көчөлөрүнө шагыл төшөп, грейдер менен тегиздеп берүүгө – 400,0 (төрт жүз миң) сом;
Ленин айылында курулуп жаткан кичи футболдук аянтчанын курулушуна – 200,0 (эки жүз миң) сом;
Тракторго чиркештирип, кышында кар сүрүүгө кар сүргүч сатып алууга – 50,0 (элүү миң) сом;
Ленин айылындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонтуна – 200,0 (эки жүз миң) сом;
Ленин айылындагы маданият үйүнө эмеректерди сатып алууга – 100,0 (жүз миң) сом;
Жыгач-Коргон айылындагы айылдык клубка эмеректерди жана шаймандарды сатып алууга 90,0 (токсон миң) сом;
А.Тажибаев атындагы орто мектебинин айланасын тосууга – 50,0 (элүү миң) сом;
Орто-Сай айылындагы ФАП-тын айланасын тосууга – 40,0 (кырк миң) сом;
Айыл аймактагы мектептерге, бала-бакчага, айыл өкмөтүнүн имаратына электр жабдууларын сатып алууга – 100,0 (жүз миң) сом;
Таза суу үчүн насос алуу үчүн – 50,0 (элүү миң) сом;
Жыгач-Коргон айылындагы жаңы конушка таза сууга насос алууга 100,0 миң сом;
СПА-га кум чайкап калган ички каналдарды тазалоого – 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом;
2. Бюджеттин кирешелерине жана чыгашаларына өзгөртүү киргизүү боюнча планга тактоо киргизүү Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы каржы экономика бөлүмүнө жана бюджеттик комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |