Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-сентябры №25/1
Акча каражаттарын беренелерден-беренелерге которуу жөнүндө
Ак-Талаа айылынын кичи футбол аянтчасын куруу үчүн материал алууга, аппарат бөлүмүнүн 22221100 беренсинен 41200(кырк бир миң эки жүз) сом акча каражаты, Орток айылын жарыктандыруу боюнча материалдарды алуу үчүн аппарат бөлүмүнүн 22221100 беренесинен 98800(токсон сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражаты Өнүктүрүү саясат институтунун долбоору аркылуу алына турган техниканы алуу үчүн өздүк салым катары жалпысы 140000 (бир жүз кырк миң) сом акча каражатын 311222 беренесине которуу боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Молдогазиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айылынын кичи футбол аянтчасын куруу үчүн материал алууга, аппарат бөлүмүнүн 22221100 беренсинен 41200(кырк бир миң эки жүз) сом акча каражаты, Орток айылын жарыктандыруу боюнча материалдарды алуу үчүн аппарат бөлүмүнүн 22221100 беренесинен 98800(токсон сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражаты Өнүктүрүү саясат институтунун долбоору аркылуу алына турган техниканы алуу үчүн өздүк салым катары жалпысы 140000 (бир жүз кырк миң) сом акча каражатын 311222 беренесине которулсун.
2. Акча каражаттарын эсептеп беренелерге которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы башкы эсепчи К.Темиралиевге милдеттендирилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын беренелерден-беренелерге коюп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
Төрага | Б. Назаров |