Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-сентябры №25/2
Акча каражаттарын беренелерден-беренелерге которуу жөнүндө
Мантыш айылын жарыктандыруу боюнча материалдарды алуу үчүн, аппарат бөлүмүнүн 22221100 беренсинен 42600(кырк эки миң алты жүз) сом акча каражаты, Кара-Мойнок айылына таза сууга түтүктөрдү алуу үчүн аппарат бөлүмүнүн 22221100 беренесинен 463100(төрт жүз алтымыш үч миң бир жүз) сом акча каражаты, Орток айылын жарыктандыруу боюнча материалдарды алуу үчүн аппарат бөлүмүнүн 22221100 беренесинен 8400(сегиз миң төрт жүз) сом акча каражаты, Кызыл-Дөбө бала-бакчасын оңдоо боюнча мектеп бөлүмүнүн 22211100 беренесинен 75000(жетимиш беш миң) сом акча каражаты, Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС долбоору аркылуу алынып жаткан техниканы алууга жалпысы 589100 (беш жүз сексен тогуз миң бир жүз) сом акча каражатын өздүк салым катары 311222 беренесине которуу боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Молдогазиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мантыш айылын жарыктандыруу боюнча материалдарды алуу үчүн, аппарат бөлүмүнүн 22221100 беренсинен 42600(кырк эки миң алты жүз) сом акча каражаты, Кара-Мойнок айылына таза сууга түтүктөрдү алуу үчүн аппарат бөлүмүнүн 22221100 беренесинен 463100(төрт жүз алтымыш үч миң бир жүз) сом акча каражаты, Орток айылын жарыктандыруу боюнча материалдарды алуу үчүн аппарат бөлүмүнүн 22221100 беренесинен 8400(сегиз миң төрт жүз) сом акча каражаты, Кызыл-Дөбө бала-бакчасын оңдоо боюнча мектеп бөлүмүнүн 22211100 беренесинен 75000(жетимиш беш миң) сом акча каражаты, Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС долбоору аркылуу алынып жаткан техниканы алууга жалпысы 589100 (беш жүз сексен тогуз миң бир жүз) сом акча каражатын өздүк салым катары 311222 беренесине которулсун.
2. Акча каражаттарын эсептеп беренелерге которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы башкы эсепчи К.Темиралиевге милдеттендирилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын беренелерден-беренелерге коюп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
Төрага | Б. Назаров |