Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-сентябры №25/3
Акча каражатын которуу жөнүндө
Мантыш айылына мектептин жаңы имаратын куруу боюнча өздүк салым катары мектеп курулушуна ачылган атайын 1136231000052323 эсебине, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен мурда которулган 249200 (эки жүз кырк тогуз миң эки жүз) сом акча каражатын Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС долбоору аркылуу алынып жаткан техниканы алууга өздүк салым катары которуу боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Молдогазиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мантыш айылына мектептин жаңы имаратын куруу боюнча өздүк салым катары мектеп курулушуна ачылган атайын 1136231000052323 эсебинен, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен мурда которулган 249200 (эки жүз кырк тогуз миң эки жүз) сом акча каражаты Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которулсун.
2. Акча каражатын котортуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Молдогазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Назаров |