Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №28/1
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Осмоновдун “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы” боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Кара-Сууайыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы” бекитилсин.
2. “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планын аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Назаров |