Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №28/2
Ак-Талаа айылындагы клубдун имаратын бүткөрүү үчүн Республикалык бюджеттин түрткү берүүчү грантына сунуштоо жөнүндө
Ак-Талаа айылынын тургундарынын жана ProLex Фондунун, Ак-Талаа айылындагы курулушу 27 жылдан бери токтоп турган клубдун имаратын 2019-жылдагы түрткү берүүчү гранттын эсебинен куруп бүткөрүү жөнүндөгүкайрылууларынкарап жана талкуулап , Кара-Сууайыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагына караштуу Ак-Талаа айылындагы 27 жылдан бери курулушу бүтпөй токтоп турган айылдык клубду 2019-жылдагы түркү берчү гранттын эсебинен куруп бүткөрүүгө сунушталсын.
2. Талап кылынган өздүк салымды жана кошумча каражаттарды чогултуу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү жагыКара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Молдогазиевге тапшырылсын.
Төрага | Б. Назаров |