Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №28/3
Кызыл-Дөбө айылындагы “Ырыс-Шаар” бала бакчасынын базасында 3(үч) сааттык кошумча окуу тайпасын ачуу жөнүндө
Кызыл-Дөбө айылындагы “Ырыс-Шаар” бала бакчасынын директору А.К.Исакованын “Ырыс-Шаар” бала бакчасынын базасында 3(үч) сааттык кошумча окуу тайпасын ачуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Кара-Сууайыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Дөбө айылындагы “Ырыс-Шаар” бала бакчасынын базасында 3(үч) сааттык кошумча окуу тайпасы ачылсын.
2. Кызыл-Дөбө айылындагы “Ырыс-Шаар” бала бакчасында кошумча 3(үч) сааттык тайпаны ачуу мыйзамга ылайык жүргүзүлсүн жана бул токтомду ишке ашыруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Молдогазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Назаров |