Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-июлу №62
Чон-Сары-Ой айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджети жѳнүндѳ
Чон-Сары-Ой айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылдагы сметалык чыгымдары боюнча акча-каражатын тѳлѳп берүү жѳнүндѳгү жайыт комитеттин тѳрагасы Н.Өмүралиевдин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чон-Сары-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2018-жылдагы каралган сметалык
чыгымдарындагы эмгек маяна, соц.фондго чегерүү, күйүүчү майлары, командировкалык чыгымдары, канц. товарлары, чарбалык товарлары үчүн акча каражаттары айыл Өкмѳттүн жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүнүн ашыкча түшкѳн акча каражатынын эсебинен жыл ичинде тѳлѳнүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине тѳлѳнүп берилүүчү акча каражаттар Финансы Министрлигинин Ысык-Кѳл башкармалыгы менен макулдашылсын.
3. Акча каражаттары боюнча сметалык тѳлѳмдѳрдү жүргүзүү жагы
айыл Өкмѳтүнүн ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Өкмѳтүнүн башчысы
У.Абдыкалыковго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кенештин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |