Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры №67
Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2020-2021 жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлорун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгышылары боюнча 38045,1 сом (отуз сегиз миллион кырк беш миң бир жүз) сом, анын ичинде атайын каражаттар боюнча 1161,0 (бир миллион бир жүз алтымыш бир миң) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. 2020-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 38685,8 (отуз сегиз миллион алты жүз сексен беш миң сегиз жуз) сом, ѳлчѳмүндѳгү долбоору жактырылсын.
3. 2021-жылга карата 39107,9 (отуз тогуз миллион бир жүз жети миң тогуз жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Кѳл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г. Ормуковага жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Абдырахманов |