Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры №68
Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн киреше бѳлүгүнүн ашыкча түшкѳн акча каражатынан пайыздык чегерүүлѳр жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун, КР «Мамлекеттик салык кызматы жѳнүндѳ» мыйзамынын 10-беренесине ылайык жана Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүнѳ түшкѳн ашыкча акча каражаттын эсебинен 3 пайыз ѳлчѳмүндѳ которуп берүүлѳр жѳнүндѳ мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Кѳл району боюнча башкармалыгынын башчысы К. Ѳмүрбековдун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл Ѳкмѳттүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын жыйынтыгы менен киреше бѳлүгүнѳ түшкѳн ашыкча акча каражатынын 3 пайыздык ѳлчѳмү 167952 (бир жүз алтымыш жети миң тогуз жүз элүү эки) сом ѳлчѳмүндѳгү акча каражаты мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Кѳл району боюнча башкармалыгынын эсебине которуп берүү жагы каралсын.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Кѳл району боюнча башкармалыгынын эсебине акча каражаттарын которуу жагы Финансы Министрлигинин Ысык-Кѳл башкармалыгы менен макулдашылсын.
3. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г. Ормуковага жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Абдырахманов |