Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры №69
Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга карата бюджеттик чыгымдары жөнүндө
Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга каралган сметалык чыгымдарына акча-каражаттарын тѳлѳп берүү жѳнүндѳгү Жайыт комитетинин тѳрагасы Н. Ѳмүралиевдин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен киреше бѳлүгүнүн ашыкча түшкѳн акча-каражаттарынын эсебинен, 2018-жылга каралган жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сметалык чыгымдарына акча каражаттары тѳлѳнүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине тѳлѳнүп берилүүчү акча каражаттар Финансы Министрлигинин Ысык-Кѳл башкармалыгы менен макулдашылсын.
3. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |