Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры №71
Жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитγγ жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамынын 31-беренесинин жетекчиликке алып, Аймактагы социалдык объектилердин курулушун камсыздоо максатында, Чон-Сары-Ой айылынын тγндγк-батыш тарабында жайгашкан 50514.9 чарчы метр жер тилкесин социалдык объектилердин курулушу (мектеп, бала бакча, спорт аянтчалары) γчγн Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчигине бекитγγ боюнча иш кагаздарды карап,талкуулап чыгып. Ысык-Кѳл райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган кырдаалдык схеманын негизинде.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Сары-Ой айылынын тγндγк-батыш тарабында жайгашкан 50514.9 чарчы метр жер тилкеси социалдык объектилерди долборлоо жана курулушу (мектеп, бала бакча, спорт аянтчалары) γчγн, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл Ѳкмѳтγнγн муниципалдык менчигине бекитилсин.
2. Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл Ѳкмѳтγнѳ тиешелγγ иш кагаздарын алуу жагы милдетендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин «Жер, агрардык реформа, кайра иштетүү ѳнѳр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |