Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-октябры №79
Жергиликтүү бюджеттен акча-каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Чоң-Сары-Ой айыл Аймагына караштуу Бает айылынын жалпы айыл тургундарынын 05.09.2018- жылдагы жыйынынын протоколу жана Бает орто мектебинин директору Ч. Жайлообаевдин 30.09.2018-жылдагы жазган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Сары-Ой айыл Аймагына караштуу Бает орто мектебинин дубалынын сырткы эски шыбагын жаӊыртып, оӊдоо үчүн Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым катары ушул долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн 907 538 (тогуз жүз жети миӊ беш жүз отуз сегиз) сом акча-каражаты 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин «Жалпы билим берүү» бөлүмүнүн «3111- Имараттар жана жайлар» элементине каралып бекитилсин.
2. Токтомду макулдашуу жагы Ысык-Көл райондук Финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» жана «Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек, миграция, коомдук ѳкмѳттүк эмес уюмдар боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |