Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры №13/4
Кызыл-Эмгек айылынын, Кара-кыштак учаскасындагы жаны конуштагы кѳчѳнүн атын берүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагына караштуу Кызыл-Эмгек айылындагы, Кара-кыштак участогунунун тургундарынын кайрылуусун карап, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап Жаны-Арык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Эмгек айылындагы, Кара-кыштак участкасындагы жаны конуштун тургундарынын кайрылуусу канааттандырылсын;
2. Жаны-Арык айыл аймагына караштуу Кызыл-Эмгек айылындагы, Кара-кыштак участкасындагы жаны конуштагы көчө Кара-шаар көчөсү деп аталсын;
3. Жаны конуштагы турак үйлѳрдүн сыртына «Кара-шаар» кѳчѳсү деп жазылган табличкаларды жасатууга жергиликтүү бюджеттен каражат бѳлүнсүн жана даярдалып ар бир турак үйгѳ илинсин;
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |